• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

«Бизге буюрбаптыр да». Депутат Айдарова 3 министрдин ишине нааразы болду

23 Кулжа 202516:17 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин 23-июндагы жыйынында депутат Айгүл Айдарова үч министрдин ишин сынга алды.

Ал Билим берүү министрлиги курулуп жаткан мектептерди толук кандуу пайдалана албай жатканын белгиледи.

«Иш пландары жок. Ар бир адам өзүнө план коёт: мен бул жылы же айда эмне кылам деп. Бул жакта пландар жок. Ооба, мектептер курулуп жатат, бирок алар президенттин тапшырмасы менен курулуп жатат, министрликтин өзүнөн эч кандай жардам жок. Буларда иш план деген жок. Бизде кадр маселеси бар, бул жагынан аксап жатабыз. Мисалы, саламаттык сактоо министрликте, бизди кудай урган го, качан болсо министрлерди алмаштырып атабыз эч бир жакшы министр келип элге иштейли деген жок. Агартуу министрлги да ушундай. Маданият министри дагы бизге буюрбаптыр да. Муну биз эле айтып жаткан жокпуз, эл дагы ошондой ойлойт. Маданият министри маданият деген эмне экенин түшүнбөйт, блогерлерди алып чыгып ырчы кылып жатат. Саламаттыкты сактоо министри отурат, блогерлигин жасап. Алар үчөө тең такыр иштебейт», — деди Айдарова.

Количество просмотров: 280