• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

«Негизсиз сындоодон алыс болуусу керек». ИИМ депутат Айдаровага жооп берди

18 Чын куран 2024 18:40 Бишкек Govori.TV

Ички иштер министрлиги депутат Айгүл Айдарованын министр Улан Ниязбековдун дарегине айткан сындары тууралуу комментарий берип, билдирүү таратты.

«Улан Ниязбеков жетекчилик кызматка дайындалгандан бери Ички иштер министрлиги жана анын бөлүктөрү тарабынан алгылыктуу иштер жасалды. Укук тартибин сактоого, кылмыштуулук менен күрөшүүгө, калктын коопсуздугун камсыз кылууга, жарандардын тынч жана туруктуу жашоосу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган бир катар уюштуруу жана башка иш-чаралар өткөрүлдү.

Милициянын ишинде көзгө көрүнүктүү оң натыйжаларга жетиштик-ведомствонун түзүмүн оптималдаштыруу боюнча бир катар чаралар ишке ашырылды, калкка сервистик кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу, коомдук тартипти сактоо боюнча алдын алуу чаралары күчөтүлдү», — деп жазылат билдирүүдө.

Ошондой эле ИИМ ЖК депутаты Айгүл Айдарова министрликтин ишин негизсиз сындоодон алыс болуп, калыс позицияны кармануусун сунуштады.

«Эгерде бүгүнкү кырдаалды жана беш жыл мурдагы шарттарды салыштыра турган болсок, анда бүтүндөй Ички иштер министрлигинин жана анын бөлүктөрүнүн ишинде олуттуу өзгөрүүлөр бар. Материалдык-техникалык жактан камсыздоо кыйла жакшырды. Үч жылдын ичинде 61 объект курулуп, пайдаланууга берилди. 200 объектте курулуш-монтаждоо жана оңдоо иштери уюштурулуп, 50 объектте оңдоо иштери улантылууда. Милициянын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууда оң натыйжаларга жетишилди. Алсак, укук коргоо чөйрөсүнө санариптик технологияларды киргизүү боюнча бир катар чаралар ишке ашырылды.

Кочкор-Ата шаарында жаранды кармоодогу милиция кызматкерлеринин мыйзамсыз иш-аракеттери боюнча ИИМдин буйругу менен Жалал-Абад ОИИБдин 13 кызматкерине тартиптик жаза колдонулганын билдиребиз. Облустун ИИБ башчысы ээлеген кызматынан бошотулуп, төмөндөтүү менен башка кызматка дайындалды. Андан сырткары, Кочкор-Ата шаарынын тургунун кармоого катышкан кызматкерлердин аракеттерине юридикалык баа берилет. Ички иштер органдарында тартипти сактоого дайыма көңүл бурулат.

Бишкек шаарындагы Калык Акиев көчөсүндө курулган милиция кызматкерлери үчүн үйдүн курулушу 2017-жылы башталган. Улан Ниязбековдун жетекчилиги алдында үйдүн курулушу аяктады.
Ички иштер министрлиги депутат Айгүл Айдарованын батир бөлүштүрүү адилетсиз болуп, бир балалуу үй-бүлөгө үч бөлмөлүү батир берилгени тууралуу маалыматы чындыкка дал келбейт. Жалпысынан 2023-жылдын декабрь айында турак жайга муктаж адамдарга 216 батир (1 бөлмөлүү — 72 батир, 2 бөлмөлүү-90 батир, 3 бөлмөлүү — 54 батир) бөлүнгөн. Үч бөлмөлүү батирлер биринчи кезектүүлүктөгү тизмеде катталып тургандарга, анын ичинен көп балалуу үй-бүлөлөргө, майыптыгы бар балдарды тарбиялаган үй-бүлөлөргө, пенсионерлерге жана кызмат учурунда курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө берилген. Азыркы учурда Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан юридикалык жактан документтештирүүсү жыйынтыкталып келе жатат. Андан кийин расмий иш-чаралар жөнүндө сүйлөшсөк болот. Жарандардын коопсуздугу жана коомдук тартипти камсыздоо милиция кызматкерлеринин артыкчылыктуу милдети болуп саналат. Ички иштер органдары коомдук коопсуздукту камсыздоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү, укук бузууларды алдын алуу боюнча өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди дайыма аткарышат», — деп жыйынтыкталат ИИМ тараткан билдирүү.

Эске салсак, бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты Айгүл Айдарова Ички иштер министри Улан Ниязбековдун дарегине сын айткан. Депутат өз сөзүндө “министр ички иштер органдарынын кызматкерлерине көңүл бурбай жеке иши менен эле алектенип жүрөт” деген.

Количество просмотров: 127