• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Айгүл Айдарова: «Кемпир-Абад, Баткен дегенде жүрөгүбүздү бергенге даярбыз»

17 Тогуздун айы 2022 14:33 Бишкек Govori.TV

Өзгөндүн Кызыл-Октябрь айылында Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу курултай өтүп, анда резолюция кабыл алынып бийликке жөнөтүлдү. Курултайга Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев, Адахан Мадумаров, мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков, саясатчылар Жеңиш Молдокматов, Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов, УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев, Азимбек Бекназаров жана башка саясатчылар, жарандык активисттер, жергиликтүү тургундар катышты.

Чогулуштун жыйынтыгы менен кабыл алынган резолюцияда Кемпир-Абад боюнча кыргыз-өзбек келишимин жокко чыгаруу, чек ара боюнча келишимдерди ачыктоо, чек араны аныктоо жана тактоо иштерин аткарган комиссиясын кайра түзүү талабы коюлган.

Бул тууралуу айрым эл өкүлдөрүнүн пикирин сурап көрдүк. Депутат Айгүл Айдарова «Кемпир-Абад, Баткен дегенде жүрөгүбүздү бергенге даярбыз»,-деп билдирди.

Количество просмотров: 1868