• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Айгүл Кулдаева: Акчанын тартыштыгы аялдардын ден-соолугуна балта чабат

30 Чын куран 2021 17:29 Бишкек Govori.TV

“GOVORI.TV” мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында тренинг өткөрдү. Ага өлкөбүздүн 7 дубанынан алдыңкы айымдар келген. Алардын бири Айгүл Кулдаева.

Кулдаева 59 жашта, Бишкек шаарынын тургуну.

«Бүгүнкү күндө Бишкек шаарындагы Улуттук онкология борборундагы бейтаптардын мектебинин жетекчиси болуп эмгектенем. Рак оорусу менен ооруган жарандарга онкологиялык жактан түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз. Өлкөбүздө медициналык жардам жарым-жартылай болсо дагы бекер болсо деп кыялданам. Акчанын тартыштыгы аялдар ден -соолугуна көңүл бурбай калат. Бул тренингге катышып жатканыма кубанычтамын. Лидер катары бейтаптарды туура жолго салгым келет»,-деди Кулдаева.

Количество просмотров: 132