• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Амирова: Чек арада жашаган жарандарды медиа сабаттулукка үйрөтүү жаатында иш алып барам

27 Үчтүн айы 2024 9:37 Бишкек Govori.TV

25-26-27-январь күндөрү “GOVORI.TV” агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында онунчу тренингин өткөрдү. Ага өлкөбүздүн булуң-бурчунан айылдык кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активист, жеке ишкер жана мамлекеттик кызматкерлер келген.

Алардын бири Гүлбарчын Амирова Баткен облусунан келген, 42 жашта.

«Азыркы учурда «Салам Медианын» аткаруучу директору болуп эмгектенем. Бул Баткендеги жалгыз радио. Жергиликтүү тургундардын маалымат алуусуна өбөлгө түзүп келебиз. Мындан тышкары чек арада жашаган жарандарды медиа сабаттулукка үйрөтүү жаатында иш алып барабыз. Ал эми бул тренингге тажрыйба топтоо, лидерлик сапаттарды өнүктүрүү үчүн келдим»,-деди ал.

Количество просмотров: 127