• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Кыйын: Чек ара жаңжалынан алынган сабак

14 Жалган куран 2023 18:00 Бишкек Govori.TV

“GOVORI.TV” мультимедиалык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында тренингин өткөрдү. Ага Ош, Жалал-Абад, Чүй, Талас, Бишкек, Баткен, Нарындан келген 17 айым катышты. Катышуучулардын арасында мамлекеттик кызматкерлер, жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим, ишкерлер бар.

Аймактардан келген алдыңкы айымдар «Кыйын» аталышындагы телевизиондук ток-шоусунда өлкөдөгү орчундуу көйгөйлөрдү талкуулашты. Бүгүнкү чыгарылышта «Чек ара жаңжалынан алынган сабак» деген тема талкууланат.

Катышуучулар: Жороева Каныгул — Баткен шаардык кеңешинин депутаты, Сабриниса Надырова — Кулуңду айылдык кеңешинин депутаты.

Модераторлор: Кайыргүл Урумканова жана Аскер Сакыбаева.

Количество просмотров: 483