• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

«Өзүмө көз карашым өзгөрдү», «Ачылыш болду». Кыйынга келгендердин эмоциясы

21 Бирдин айы 2023 20:25 Бишкек Govori.TV

17-18-19-февраль күндөрү “GOVORI.TV” мультимедиалык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” телевизиондук ток-шоусунун алкагында сегизинчи окутуу иш-чарасын өткөрдү. Ага Ош, Жалал-Абад, Чүй, Талас, Бишкек, Баткен, Нарын, Ысык-Көл облустарынан келген жалпы 17 айым катышты.

7 дубандан келген айымдардын ичинде мамлекеттик кызматкерлер, жергиликтүү кеңештин депутаттары,мугалим, жарандык активисттер жана жеке ишкерлер бар. Бул окутуучу иш-чаранын башкы максаты Кыргызстанда аялдардын саясий-лидерлик сапаттарын калыптандыруу болуп саналат.

Тренингде маалыматты жайылтуу үчүн социалдык тармакты колдонуу, кибер коркунучтарга каршы санариптик коопсуздук, оратордук чеберчилик, журналисттер менен өз ара иштешүүнүн өзгөчөлүктөрү жѳнүндѳ маалымат берилди.

Бул жолу тренингди “GOVORI.TV” мультимедиалык маалыматтык агенттигинин негиздөөчүсү Кайыргүл Орозбай кызы, мамлекеттик жана саясий ишмер, юрист, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экс-депутаты, Кыргыз Республикасынын мурдагы Башкы прокурору Аида Салянова, «Аялдарга жардам берүү борбору» бейөкмөт уюмунун гендер боюнча адиси Наргиза Аманбаева, журналист Аскер Сакыбаева, 24.kg агенттигинин башкы редакторунун орун басары Махинур Ниязова, гендердик маселелер боюнча эксперт Римма Султанова, “Media Карьера” ораторлук чеберчилик мектебинин негиздөөчүсү Айнура Кабатай кызы жана маркетолог Ормон Амангелдиевдер өткөрдү.

Тренингдин жыйынтыктары боюнча бардык катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.

Окутуу Европа Биримдигинин “Демократияны колдоо фонду” жана “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында “GOVORI.TV” мультимедиялык маалыматтык агенттиги тарабынан уюштурулуп жатат.

Кыйынга келгендердин эмоциясы төмөнкү материалда:

Количество просмотров: 637