• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Айланма жолдогу тыгын: Себептери айтылды

2 Бугу 202621:14 Бишкек Govori.TV

Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 54-чакырымында көпүрөнүн тилкесинде оңдоо-калыбына келтирүү иштери башталды. Бул тууралуу Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Иштер 2-майдан 5-майга чейин жүргүзүлөт. Белгиленгендей, алар жол инфраструктурасын жакшыртууга жана жарандардын коопсуздугун камсыздоого багытталган.

Бул тилкеде оңдоо иштери жүргүзүлгөндүгүнө байланыштуу автотранспорттун кыймылына убактылуу чектөө киргизилиши мүмкүн. Жолдун айрым бөлүктөрүндө бир тилке боюнча кезектешип кыймыл уюштурулат.

Мындан улам тыгындар пайда болушу ыктымал. Чүй облусу боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин сактоого, жол белгилерине жана убактылуу көрсөткүчтөргө көңүл бурууга, ылдамдык режимин сактоого, каршы тилкеге чыкпоого жана коопсуз аралыкты сактоого чакырат.

Количество просмотров: 198