Бүгүн борбор калаада күндүн экинчи жарымында жолдордо тыгындар пайда болду. Онлайн-сервистердин маалыматы боюнча, жолдордогу тыгындар кечкисин 9 балга жетти.
Айрыкча борбордук магистралдарда: Чүй жана Жибек Жолу проспектилеринде, Чыңгыз Айтматов, Абдрахманов жана Ахунбаев көчөлөрүндө кыймыл кыйынчылык жаратууда. Шаардын түштүк кичи райондорунда да автоунаалардын кыймылы өтө жай болду.
Адистердин белгилешинче, кырдаал салттуу кечки тыгын баштала электе эле начарлап калган. Жамгыр төгүп баштаганы да абалды курчутту.
Тыгындардын фонунда борбор калаада таксиге болгон баа кескин өсүп, популярдуу сервистердеги баалар дээрлик эки эсеге кымбаттады.
Мэрия айдоочуларга маршруттарды алдын ала пландаштырууну, мүмкүн болушунча коомдук транспортту тандоону жана жол кыймылынын эрежелерин сактоону эскертет.