Бишкекте тыгында төрөт үйүнө жетпей, жолдо көз жарган эненин жана ымыркайынын абалы туруктуу.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, эне менен балага бардык медициналык жардам көрсөтүлүп, алар дарыгерлердин көзөмөлүндө турат.
Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгы бүгүн 26-сентябрда Бишкек шаарында кош бойлуу аял тыгындын кесепетинен төрөт үйүнө жетпей жолдо, патрулдук унаада төрөгөнүн кабарлаган.