• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Айпери Медет кызы Азия оюндарында алтын утту

6 Тогуздун айы 202317:12 Бишкек Govori.TV

 Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Айпери Медет кызы Азия оюндарында алтын медаль тагынды.

Алтын үчүн беттеште Айпери Медет кызы казакстандык спортчу Жамиля Бакбергенова менен күч сынашып, 7:4 эсебинде жеңишти камсыздады.

Белгилей кетсек, Кытайдын Ханчжоу шаарында 45 өлкөнүн катышуусунда XIX жайкы Азия оюндары өтүп жатат. Оюндарга Кыргызстандан 160 спортчу спорттун 23 түрү боюнча катышууда. 24-сентябрда башталган спорттук иш-чара 8-октябрга чейин уланат.

Количество просмотров: 142