• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Айпери Медет кызы күйөрмандарга кайрылды

27 Баш оона 202414:45 Бишкек Govori.TV


Балбан кыз Айпери Медет кызы Париж олимпиадасынан кийин биринчи жолу күйөрмандарына кайрылды

Ал Олимпиада оюндарында кыз-келиндер арасында эркин күрөш боюнча 76 кг чейинки салмак категориясында күрөшүп, 5-орунду ээлеген.

“Париждеги Олимп оюндарында мага эбегейсиз колдоо көрсөткөнүңүздөр үчүн чын жүрөгүмдөн ыраазычылык билдиргим келет. Максатыма жетүү үчүн мындан ары да бара берем. Сиздердин колдоонуздар менен”, — деп жазды ал социалдык тармактагы баракчасына.

Ал Кытай жана Индиянын спортчуларын жеңип, андан кийин америкалык жана кубалык спортчуларга утулуп, жеңилүү ызасын тарткан.

Количество просмотров: 2075