Кыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызы 76 килограммга чейинки салмак категориясында UWW дүйнөлүк рейтингинде биринчи орунду ээледи.
Эске салсак, ал күрөш боюнча Бишкектеги Азия чемпионатында күмүш медаль уткан.
Жыйнаган упайларынын негизинде Айпери Медет кызы рейтингде Эквадордон келген Генесис Валдез спортчуну артта калтырды.