Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Айпери Медет кызы Дүйнө чемпионатында алтын үчүн күрөшөт.
Чемпионат 16-сентябрдан 24-сентябрга чейин Сербиянын Белград шаарында өтүп жатат.
Мелдеште Айпери Медет кызы 76 кг чейинки салмактык категорияда катышууда. Жарым финалда кыргыз спортчусу колумбиялык Татьяна Рентерия менен беттешип, 4:2 эсебинде мөөнөтүнөн мурда утуп чыкты.
Финалдык беттештер эртең, 20-сентябрда орун алат.
Белгилей кетсек, Айпери Медет кызы алгачкылардан болуп 2024-жылы Парижде өтчү Олимпиада оюндарына лицензия утту.