• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Айрым унаа жолдорго кар көчкү түшүшү мүмкүн (тизме)

8 Жалган куран 202519:46 Бишкек Govori.TV

Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу 8-марттан 10-мартка чейин Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана айрым унаа жолдорунда кар көчкү жүрүшү күтүлөт.

Кар көчкү жүрүшү мүмкүн болгон тилкелер:

  • Бишкек—Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдары (Төө-Ашуу ашуусу) жана 198-260-чакырымдары (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы);
  • Суусамыр—Талас—Тараз унаа жолунун 1-14-чакырымдары (Өтмөк ашуусу);
  • Ала-Бука—Каныш-Кыя унаа жолунун 68-101-чакырымдары (Чапчыма ашуусу);
  • Красная Горка—Ак-Таш унаа жолунун 0-4-чакырымдары;
  • Мырза-Аке—Кара-Кулжа—Алайкуу унаа жолунун 60-110-чакырымдары;
  • Ош—Сары-Таш—Эркештам унаа жолунун 160-179-чакырымдары (Талдык ашуусу);
  • Сары-Таш—Дароот-Коргон—Карамык унаа жолунун 98-145-чакырымдары (Кара-Кыя, Кулчу, Батман-Көл, Алыш-Сай тилкелери);
  • Каракол—Эңилчек унаа жолунун 45-50 жана 74-90-чакырымдары (Чоң-Ашуу ашуусу);
  • Барскоон—Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68-чакырымдары (Сөөк ашуусу).

Унаа жолдорунун көчкү коркунучу бар тилкелеринен өтүүдө транспорт каражаттарынын ортосундагы аралык 500 метр болушу зарыл.

Количество просмотров: 201