• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте Дэн Сяопин жана Интергельпо көчөлөрүнүн кесилиши жабылат

17 Жалган куран 20269:05 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги Дэн Сяопин проспекти менен Интергельпо көчөсүнүн кесилиши убактылуу жабылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Аталган тилке жол оңдоо иштерине байланыштуу жабылат. Оңдоо иштери 17-марттан 19-мартка чейин уланат.

«Бул күндөрү Дэн Сяопин проспекти менен Интергельпо көчөсүнүн кесилиши унаалар үчүн толугу менен жабылат. Интергельпо көчөсүнүн батыш тарабы да толук жабылат, ал эми чыгыш тарабы убактылуу бир тараптуу кыймыл режиминде иштейт», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 103