Казакстандын мурунку президенти Нурсултан Назарбаевдин небереси Айсултан Назарбаев социалдык тармактагы баракчасына жазган билдирүүсү талкууга алында. Ал Назарбаевдин небереси эмес, уулу экенин жазды.
«Менин апам чоң атамды кайырмакка илген, анткени мен анын уулумун» деп жазган Айсултан
Бул билдирүүдөн соң түрдүү пикирлер жаралып, айрымдары Айсултан баңгизаттын таасиринен ушундай сөздөрдү жазып жатат дешсе, кээ бирлер «апасы Дарига Назарбаева мурунку президенттин өзүнүн кызы эмес деп» да жазышууда.
Эске салсак, Айсултан көп жылдан бери баңгизатын колдонуп келери белгилүү. Былтыр ал Лондондогу өзү жашаган мейманкананын балконунан секирүүгө аракет кылып, полиция кызматкерлери сактап калышкан.