• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Айсулуу Аскарбекова: Мамлекеттик деңгээлде аялдарга колдоо көрсөткүм келет

13 Жалган куран 2020 17:10 Бишкек Govori.TV

“GOVORI.TV” мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында тренинг өткөрдү. Ага өлкөбүздүн 7 дубанынан алдыңкы айымдар келген. Алардын бири Айсулуу Аскарбекова.

Айсулуу Аскарбекова мамлекеттик деңгээлде аялдарга колдоо көрсөткүсү келет.

«Өзүм экономика жаатында билим алгандыгыма карабай эмнегедир жүрөгүм каалап, учурда адам укугу боюнча иш жүргүзөм. Бүгүнкү күндө шаардык кеңешке дагы депутаттыкка талапкерлигимди коюп жатам. Эгер иш оңунан чыкса, мамлекеттик деңгээлде аялдарга колдоо көрсөткүм келет»,-деди Ош шаарынан келген Айсулуу Аскарбекова.

Количество просмотров: 224