• Жекшемби 2 Тогуздун айы 2022
  • Воскресенье 2 Октябрь 2022

Айсулуу Тыныбекова Азия чемпионатында алгачкы беттешинде жеңилди

21 февраля 2020 в 13:57 Бишкек Govori.TV

Айсулуу Тыныбекова Азия чемпионатында алгачкы беттешинде жеңилди.

Балбан Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограммга чейинки салмакта килемге чыккан. Алгачкы кармашында эле жапониялык Юкака Каваиге 6:1 эсебинде жеңилди. Беттешиндин жүрүшүндө 1:1 эсеби менен балбандардын күчү тең болуп, акыркы эки секундада жапон балбаны көтөрүп чаап, ыкмасына таянып жеңишти илип кетти.

Айсулуу Тыныбекова менен жапон балбаны Юкака Каваи былтыр Астанада өткөн Дүйнө чемпионатында беттешип, чейрек финалда Айсулуу Тыныбекова жеңишке жеткен болчу.

Количество просмотров: 76

Элдик курултай эл менен бийликтин ортосундагы көпүрө боло алабы?

Жыйынтыгын көрүү

Биздин команда