• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Айсулуу Тыныбекова Азия чемпионатынын финалына чыкты

12 Чын куран 2023 14:22 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова Казакстанда өтүп жаткан кыз-келиндер арасында күрөш боюнча Азия чемпионатынын финалына чыкты.

Тыныбекова 62 кг салмакта мелдештин чейрек финалынан баштап катышууда. Алтын үчүн кармашта Тыныбекова монголиялык Орхон Пуревдорж менен күрөшөт.

Аталган мелдеште грек-рим күрөшү боюнча Акжол Махмудов (77 кг), Жоламан Шаршенбеков (60 кг) жана Акылбек Талантбеков (82 кг) алтын, Үзүр Жузупбеков (97 кг) күмүш, Роман Ким (130 кг) Раззак Бейшекеев (67 кг) жана Адилхан Нурланбеков (72 кг) коло медаль багындырса, кыз-келиндер күрөшү боюнча Айпери Медет кызы (76 кг) күмүш, Калмира Билимбекова (59 кг) коло медаль тагынды.

Белгилей кетсек, Азия чемпионаты 9-14-апрель күндөрү Астана шаарында өтүүдө.

Количество просмотров: 84