Белгилүү спорт чебери Айсулуу Тыныбекова бүгүн социалдык тармактардагы өз баракчасына мындай пикирин жазды:
«Бүгүн мен маанилүү иш-чарага катышканыма сыймыктанып турам. Улуттук кийимдерибизди анын ичинде элечекти сыймыктануу менен кийген апаларыбызга өзгөчө ыраазычылыгымды билдиргим келет. Алар маданият менен каада-салтыбызды сактап, жаш муунга өткөрүп берип жатышат. Сиздерге чың ден соолук, узун өмүр, биз үчүн үлгү болушуңуздарды каалайм.
Өзүнчө белгилеп кете турган нерсе бул менин Алай кыргыздарынын башчысы, даткасы Курманжан Датка апабыз жашаган айылга биринчи жолу келишим. Курманжан Датканын кылган эрдиги ар бирибизди шыктандырып, ал эми мага күч-кубат берет», — деп билдирди айтылуу спортчу.