Айсулу Тыныбекова Президент Садыр Жапаров менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө Олимпиадага чейин алган травмасынан бутундагы байламталары бар экенин, олимпиада оюндарына барбай калам деп коркконун айтты.
«Менин бир буту менен күрөшкөгөнүмдү байкасаңыз керек, мен Олимпиадага барар алдында баспай жаткам. Сизге жолукканда байламталарымды чечип, бастым. Ошон үчүн олимпиадага барбай калышым мүмкүн деп ойлоп кооптонуп жаткам. Анткени, убакыт абдан аз болчу. Кудайга шүгүр, ушул абалда жеңип чыктым. Коло медаль сиздердин жана элдин колдоосунун аркасында болду», — деди ал.
Тыныбекова ошондой эле спортчуларга колдоо көрсөтүп, керектүү шарттарды түзүп берген президентке ыраазычылык билдирди.
Буга чейин Айсулуу Тыныбекова 2020-жылы Токиодо өткөн Олимпиадада күмүш медаль тагынган.