• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Айт намазы аянттарда жана мечиттерде окулбайт

28 Теке 20209:17 Бишкек Govori.TV

Өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу Айт намазы аянттарда жана мечиттерде окулбайт. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда быйыл Курман айт 31-июлда белгиленет.

«Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу жума намазы убактылуу окулбай тургандай эле 2020-жылдын 31-июлундагы Курман айт намазы аянттарда жана мечиттерде окулбастыгын маалымдайбыз. Ошондуктан туура түшүнүү менен кабыл алып, берекелүү Курман айт майрамын жалпыбыз үй-бүлөбүз менен үйлөрдө майрамдайбыз. Бул күнү бири-бирибиздикине айттап барбастан, үйлөрдө курмандыгыбызды чалып, Куран окуп, мамлекетибизге, элибизге, жерибизге жакшылыктарды тилеп, маркумдарга дубаларды багыштайбыз», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 104