• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгын кимдер алды?

13 Бештин айы 2021 10:13 Бишкек Govori.TV

Бишкекте “Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгын” тапшыруу аземи өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Ар тармактагы мыкты деп саналган 20дай кишиге сыйлык берилди.

  • “Адабият жаатындагы мыкты чыгарма” номинациясы боюнча Кыргыз Республикасынын Ч.Т. Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын дипломанты Матназаров Марлэн Искендерович. 2019-жылы «Кара-Суудагы койчумандан он эки баян» аталышта кыргыз-англис тилдериндеги жомоктор, аңгемелер жыйнагынын автору. «Бай бала», «Эч качан багынба» аталыштарындагы жомоктор жыйнагы жарык көрүп, кыргыз, орус, англис тилдеринде басылып чыккан.
  • “Музыкалык искусствонун мыкты чыгармасы жана аткаруучулук чеберчилик” номинациясы боюнча Кыргыз Республикасынын Ч.Т. Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын дипломанты Биймырза уулу Азиз. «Жусуп Мамай-100», «Алптар ааламы», «Урааным Манас», «Манас айтсак кулак бүтөт ташка дагы, Манасчылар өнөргө бай башка дагы» аталышындагы «Манас» эпосуна байланыштуу долбоорлордун автору.
  • “Көркөм искусствонун мыкты чыгармасы (живопись, скульптура, графика, декоративдик-колдонмо жана монументтик искусство)” номинациясы боюнча Кыргыз Республикасынын Ч.Т. Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын дипломанты Серенов Урмат Серенович. КМШ мамлекеттер арасындагы жана эл аралык сүрөт көргөзмөлөрүнүн катышуучусу. 2018-жылы “Айтматов ааламы” көргөзмө сынагынын 1-даражадагы дипломунун ээси. 2019-жылы Казакстанда өткөн Эл аралык симпозиумдун катышуучусу. 2014-жылдан тартып жыл сайын Кыргыз Мамлекеттик көргөзмөсүнө катышып келүүдө.
  • “Шаар курулушу, архитектура менен дизайн жаатында ишке ашырылган мыкты долбоор” номинациясы боюнча Кыргыз Республикасынын Ч. Т. Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын дипломанты Мамазакиров Элдос Кубанычбекович. Студенттер арасында өткөрүлгөн республикалык «Кыргызстандын 100 мыкты студенти-2021» конкурсунун жеңүүчүсү жана «Мыктылардын ийгилик жолу» китеп жыйнагынын ээси.
  • “Театр жана цирк искусствосунун мыкты чыгармасы” номинациясы боюнча Кыргыз Республикасынын Ч.Т. Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын дипломанты Садыркулов Фарух Досматоич. Санкт Петербург шаарынын Россия орус балет акедемиясынын бүтүрүүчүсү, Эл аралык конкустардын жана шериктештиктин дебюттук сыйлыгынын лауреаты, алдыңкы сахна чебери.
  • “Кино жаатындагы мыкты жетишкендик (сценарийлик, композитордук, режиссердук, операторлук жана актердук иштер)” номинациясы боюнча Кыргыз Республикасынын Ч.Т. Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын дипломанты Алымбеков Адиль Бакытович. Таяныч-кыймыл аппаратынын жана 1-топтогу оор оорусунун майыптык жашоосуна карабастан, Борбордук Азиядагы Америкалык университетинин ар тараптуу активисти, ал эми 2-курста окуп жүргөндө мамлекеттик социалдык роликтердин сынагында автор катары катышкан. «Үзүлгөн убакыт” сценарийинин автору.
  • “Илим жана жаңы технологиялар жаатындагы мыкты иш” номинациясы боюнча Кыргыз Республикасынын Ч.Т. Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын дипломанты Асангазиев Нурбек Эмилбекович. Кыргыз улуттук агардык университетинин Жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Орто Азиядагы Региондор аралык экологиялык борборунун стипендиаты. Кыргыз Республикасынын Президентинин стипендиясынын ээси.
  • “Спорт жаатындагы мыкты жетишкендик” номинациясы боюнча Кыргыз Республикасынын Ч.Т. Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын дипломанты Акматалиев Эрназар Кубатбекович. Эркин күрөшү боюнча спорт чебери, 2021-жылдагы дүйнө чемпионатынын 70 килограммга чейинки салмак ченинде күмүш байгенин ээси, ушул жылдын Токио-2021 Олимпиадасынын катышуучусу.
  • “Жаштар саясатын өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн” номинациясы боюнча Кыргыз Республикасынын Ч.Т. Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын дипломанты Ибрагимова Азиза Жаудатовна. «Bio-spe», «Soap-eco», «Hello world», «NewP» социалдык ишкердик долбоорлорунун автору. КМШ өлкөлөрүнүн эң мыкты студенти-2021.
  • “Адабият жаатындагы “Адабият жаатындагы мыкты чыгарма” номинациясы боюнча Кыргыз Республикасынын Ч.Т. Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты Жамгырчиев Бердибек Шейшенбекович. Алыкул Осмонов (2015), Эгемберди Эрматов (2019), Чыныбай Турсунов (2021) атындагы адабий сыйлыктардын лауреаты, Кыргыз Улуттук Жазуучулар союзунун мүчөсү, “ Жүрөктө калган бир ысым” китеби Кытай тилине которулган.
  • “Журналистика жана телекөрсөтүү жаатындагы мыкты чыгарма” номинациясы боюнча Кыргыз Республикасынын Ч.Т. Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты Пратова Гулнара Исламидиновна. Ч.Т. Айтматов боюнча 2009-жылдан бери 15ке жакын берүүлөрдү жана даректүү тасмаларды жаратты. Ч. Айтматовго арналып Бельгияда өткөн эл аралык «Бельгиядагы белгисиз сүрөттөр», Эл аралык «Каляк» долбоорлорунун жана 30дан ашык даректүү тасмалардын автору. КТРКнын отличниги, Маданияттын мыктысы төш белгисинин ээси.
  • “Музыкалык искусствонун мыкты чыгармасы жана аткаруучулук чеберчилик” номинациясы боюнча Кыргыз Республикасынын Ч.Т. Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты Дүйшөнбек уулу Закирбек. Эл аралык жана Республикалык кароо сынактардын катышуучусу 20 ирет гран-при, 2 жолу биринчи орун, 1 жолу экинчи орун, 2 жолу үчүнчү орундарды жеңген. Карамолдо Орозов атындагы сыйлыктын, КРнын Президентинин ардак грамотасынын ээси, КРнын эмгек сиңирген артисти.
  • “Көркөм искусствонун мыкты чыгармасы (живопись, скульптура, графика, декоративдик-колдонмо жана монументтик искусство)” номинациясы боюнча Кыргыз Республикасынын Ч.Т. Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты Маматова Тамила Абдинабиевна. Кыргызстан сүрөтчүлөр союзунун, буткул дүйнөлүк скульптуралык симпозиум ассоциациясынын мүчөсү. Маданияттын мыкты кызматкери. Чыгармалары дүйнөнүн 15 ке жакын мамлекеттеринде ар түрдүү көлөмдөрдө орун алган. Турция, Италия, Аргентина, Россия, Казахстан сыяктуу өлкөлөрүндө чон көлөмдөгү таштан жасалган скульптуралары коюлган.
  • “Шаар курулушу, архитектура менен дизайн жаатында ишке ашырылган мыкты долбоору” номинациясы боюнча Кыргыз Республикасынын Ч.Т. Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты Арзыкулов Дайырбек Мукташбекович. 2018-жылкы 3-Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын, 2019- жылы Сауд Арабия өлкөсүндө өткөн “Көчмөндөр ааламы” фестивалынын жана Пекин шаарында Пекин павильонунун башкы архитектору.
  • “Театр жана цирк искусствосунун мыкты чыгармасы” номинациясы боюнча Кыргыз Республикасынын Ч.Т. Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты Осмонов Эржан Дүйшөнбекович. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Ардак грамотасынын, Советбек Жумадылов атыдагы Республикалык сыйлыктын жана Халыкаралык “Абай” атындагы төш белгисинин ээси.
  • “Кино жаатындагы мыкты жетишкендик (сценарийлик, композитордук, режиссердук, операторлук жана актердук иштер)” номинациясы боюнча Кыргыз Республикасынын Ч.Т. Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты Жураева Асель Талибжанова. «Өмүр бешиги”, “Меккеге карай жол”,“Чек ара” “Чырак” “Жетинин бири” даректүү тасмалардын жана “Теңирберди” толук метраждуу көркөм тасмасынын автору жана режиссеру. 50дөн ашык эл аралык кинфесталдарга катышып жана байгелерге ээ болгон.
  • “Илим жана жаңы технологиялар жаатындагы мыкты иш” номинациясы боюнча Кыргыз Республикасынын Ч.Т. Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты Анарбек уулу Советбек. 2016-жылы Москвадагы К.И.Скрябин атындагы Ветеринардык академияда “Илим изилдөөнүн артыкчылыктуу ыкмалары” 2019-жылы Чыгыш Финляндия университетинде “Аквакультураны өнүктүрүү” боюнча стажировкадан өткөн. Жалпы 15 илимий макала, 3 усулдук көрсөтмөнүн автору.
  • “Спорт жаатындагы мыкты жетишкендик” номинациясы боюнча Кыргыз Республикасынын Ч.Т. Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты Жуманазарова Мээрим Рахмадиловна. Азиянын төрт жолку чемпиону. 2021-жылы Токио шаарында өткөн 32-жайкы Олимпиада оюндарында коло медалдын ээси, 2021-жылы кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө кубогунда алтын медалынын ээси. Кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча эл аралык класстагы спорт чебери.
  • “Жаштар саясатын өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн” номинациясы боюнча Кыргыз Республикасынын Ч.Т. Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты Жумадилов Амангелди Жумадилович. «Салымбеков университети» институтунун президенти, экономика илимдеринин доктору, экономика, билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагында бир нече макалалардын жана долбоорлордун автору. Жаш окумуштуулардын “Акыл-Тирек” интеллектуалдык клубунун негиздөөчүсү жана катчысы.
Количество просмотров: 404