• Бейшемби 16 Теке 2026
  • Четверг 16 Июль 2026

Айтматов көчөсүндөгү кыйылган дарактардын ордуна жаңы көчөттөр качан отургузулат?

27 Бирдин айы 202517:08 Бишкек Govori.TV

Бишкектин борбордук көчөлөрүнүн бири — Айтматов проспектиндеги кыйылган дарактардын ордуна жаңы, жаш көчөттөр отургузулат. Көчөт отургузуу март айында башталат.

Бул тууралуу 27-февралда Бишкектин вице-мэри Рамиз Алиев Жогорку Кеңеште депутат Гуля Кожокулованын суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, жалпысынан борбор калаага 12 миң жалбырактуу жана ийне жалбырактуу дарак тигилет. Мындан тышкары «Жашыл мурас» долбоорунун алкагында Бишкекке дагы 2 миң түп дарак отургузулат.

Количество просмотров: 234