• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Айтматов проспектиндеги теректер кыйылабы?

14 Жетинин айы 202413:21 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында бактардын басымдуу бөлүгү 1960-1970-жылдары тигилген. Алардын айрымдарын кыйуу иштери жүрүшү ыктымал. Бул тууралуу Бишкек шаарынын «Жашылдандыруу-курулуш» муниципалдык ишканасынын маркетинг, сатуу жана инвестиция тартуу бөлүмүнүн башчысы Жаныбек Жумалиев билдирди.

“Шаардагы жашыл аянттардын көбү 1960-70-жылдары отургузулган. Кээ бир дарактардын жашы 80-90 жылга чамалады. Маселен, теректин жарактуулук мөөнөтү 40-45 жыл болсо, азыр Бишкек шаарындагы Ч.Айтматов проспектиндеги теректерге 50 жылдан ашты. Бул аймакка теректер 1972-1975-жылдары тигилген. Сабактары чирип калган. Андыктан 58 теректи кыйдык. Жакынкы арада атайын уюмдар менен биргеликте талкуу болот. Мүмкүн, калгандарын кыйып, ордуна башка бактарды тигүү иштери жүрөт”,-дейт Жаныбек Жумалиев.

Количество просмотров: 152