• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

«Чуркап барып эле талкалап…». Масалиев Айтматов көчөсүндөгү бузулуп жаткан тосмолор тууралуу

1 Чын куран 202512:27 Бишкек Govori.TV

ЖКнын Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 1-апрелдеги жыйынында айрым депутаттар Кыргызстанда убагында мыйзамсыз курулган деген негизде буздурулуп жаткан жеке турак жайларга, мүлккө кенемте төлөп берүү маселесин көтөрүштү.

Депутат Исхак Масалиев Бишкектин Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги Киргизия конушунун тургундары ушундай эле маселе менен ага кайрылганын айтып, адамдардын буздурула турган объектилеринин мыйзамдуулугу, кенемте төлөп берүү иши тууралуу талкуу кылуу сунушун берди.

“Шаарды өнүктүрүп, кооз кылыш керек. Бирок мыйзамдуу жол менен кылганыбыз оң болот. Кенемте деген бар”, — деди ал.

Количество просмотров: 282