• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Айтматов проспектисин кеңейтүүдө 66 жеке үйдүн тосмолору бузулганы турат

24 Жалган куран 202513:36 Бишкек Govori.TV

Чыңгыз Айтматов проспектисин кеңейтүүнүн алкагында 66 жеке үйдүн тосмолору демонтаждалганы турат. Үйлөрдүн тосмолорунун бетине жазылган маалыматтар боюнча, айрымдары 10-14 метрге чейин жылдыруу керек.

22-мартта тургундар мэр Айбек Жунушалиев менен жолугушканда алар тилкелерди 1940-жылдары алгандыгын билдиришкен. Ал эми мэр Бишкек шаарынын башкы планы кийинчерээк кабыл алынганын моюндаган. Ошондой эле мэр Бишкек шаарынын башкы планына ылайык, жол тармагын өнүктүрүү схемасы каралганын, ага ылайык Ч.Айтматов проспектиси магистралдык көчөлөрдүн категориясына кире турганын билдирген.

Жунушалиев көптөгөн тосмо буздурулууга дуушар болуп жаткандыгын эске алып, 10-14 метрге эмес, 4-5 метрге жылдыруу чечимине келишкенин кабарлады. Ал кошумчалагандай, эки тараптан тротуардан тышкары велосипед жолдору болот.

Суроолорго жооп берип жатып, мэр компенсация каралбагандыгын кошумчалады. Ал эми тургундар бул алардын жеке аймагы экенин жана «жеке аймакка кийлигишүүнүн кереги жок» экенин айтышууда.

Ал эми мэр кошумчалагандай, эгер жашоочулар өзүлөрү объекттерин буздурбаса, аларды мэрия буздура баштайт.

Количество просмотров: 250