Бүгүн, 25-мартта Чыңгыз Айтматов проспектисинин жашоочулары тосмолорун бузуу боюнча мэриядан расмий билдирме алышкан.
Документте менчик ээлери беш күндүн ичинде тосмолор, үйлөр же кандайдыр бир курулмаларын белгиленген аймакка чейин өз ыктыяры менен бошотуусу керектиги айтылат.
Беш күндүк мөөнөттөн кийин Жерди пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы тиешелүү чараларды көрө турганы жазылган.
Эске салсак, Ч.Айтматов проспектисин реконструкциялоо жана кеңейтүүнүн алкагында 66 жеке үйдүн тосмолору демонтаждала турганы кабарланган. Алардын бетине объектти канча аралыкка чейин жылдыруу керектиги жазылган. Алардын арасында «10-14 метр» деген жазуулар да бар. Мэрдин жергиликтүү тургандар менен жолугушуусунда 10-14 метрге эмес, 4-5 метрге жылдыруу чечимине келишкени айтылган.