Бүгүн дүйнөлүк жана кыргыз адабиятынын алпы Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү. Көзү тирүү болгондо 96 жашка чыкмак.
Азыркы учурда жазуучунун чыгармалары дүйнөнүн 170тен ашык тилине которулган, жүздөгөн өлкөлөрдө анын чыгармаларын сүйүп окуган окурмандары абдан көп.
Айрым адабият таануучулардын айтымында, Чыңгыз Айтматов советтик доордун жазуучусу болуп туруп, советтик саясаттын кемчиликтерин көрсөтүп, анын улуттарга келтирген зыянын чыгармалары аркылуу жеткирген гениалдуу жазуучу.
12-декабрь Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү жана кыргыздын дагы бир гениалдуу акыны Алыкул Осмоновдун көзү өткөн күн.
Ошого байланыштуу 2011-жылдын бери 12-декабрь Кыргызстанда адабият күнү катары белгиленип келе жатат.