Айтурган Маматкулованын өлүмүнө байланыштуу кармалган жолдошунун бөгөт чарасы каралып, эки айга Бишкектеги СИЗО-1ге камалды.
Октябрь райондук ички иштер бөлүмү аны 30-августта Кылмыш-Жаза кодексинин “Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү” беренеси менен айып тагып, кармаган.
Айтурган Маматкулова 7-июлда Бишкектеги №4 ооруканада каза болгон. Жолдошу ал өз өмүрүнө кол салуу үчүн дары ичип алганын айткан. Маркумдун жакындары кызы күйөөсүнүн ур-токмогунан каза болгонун, буга чейин да зордук-зомбулук көрсөтүп келгенин айтышкан.