• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Айыл чарба министрине эскертүү берилип, жардамчысы сөгүш алды

24 Кулжа 2021 18:15 Бишкек Govori.TV

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин жетекчилери өлкөнү азык-түлүк менен камсыздоо ишин жетиштүү аткарбаганы үчүн сөгүш жана эскертүү алды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

«Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбековго эскертүү, ал эми анын суу чарба иштери боюнча орун басары Нурлан Шериповго сөгүш жарыяланды. Ошондой эле айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары Азамат Мукашевдин ээлеген кызмат ордуна ылайык келүү маселесин карап чыгуу тапшырылды. Эгер сиз убагында жетиштүү көңүл бурсаңыз, суунун жетишсиздиги, азык-түлүк коопсуздугу маселелери жаралмак эмес. Актанууну токтотуңуз. Тийиштүү министрлик башына жүктөлгөн милдеттерди чечүү жөнүндө ойлонушу керек болчу. Жалпысынан Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин иши жетишсиз деп бааланууда», — деди Улукбек Марипов.

Количество просмотров: 79