• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Коон менен кошо саман да табылган. Өлкөгө 21 тонна коон киргизилген жок

25 Баш оона 202513:20 Бишкек Govori.TV

22-августта Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Ош аймактык башкармалыгынын кызматкерлери кыргыз-өзбек чек арасындагы «Достук» өткөрмө пунктунда Өзбекстан Республикасынан Ош облусуна бара жаткан жүк ташуучу унааны текшерүүдө фитосанитардык коркунучу жогору продукцияны ташууда мыйзам бузуу аныкталган. 

Маалыматта айтылгандай, документти көрүү жана машинаны текшерүү учурунда 21 тонна коон менен кошо саман да табылган. Саман ошондой эле фитосанитардык коркунучу жогору карантинге алынган продукция болуп саналат жана ал кооптуу карантиндик отоо чөптөрдүн уруктары жок экенин тастыктаган фитосанитардык сертификатта билдирилиши керек болчу. Саман — амброзия, сойломо кекире, сары чырмоок сыяктуу карантиндик объектилерди ташуучу (булганышынын) булагы. Карантинге алынуучу продукциянын ар бир партиясын ташып келүүгө-алып чыгууга импорттоочу өлкөнүн карантиндик фитосанитардык талаптарына ылайык фитосанитардык сертификат болгон учурда жол берилет. 

Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасында жана бажы аймагында карантинге алынуучу продукцияга жана карантинге алынуучу объекттерге коюлуучу бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптардын бузулушу аныкталгандыгына байланыштуу, карантиндик фитосанитардык контролдоо актысы түзүлгөн жана жүктү кайтарып берүүгө көрсөтмөлөр берилген. Ош башкармалыгынын кызматкерлеринин көзөмөлү астында мыйзам бузуу менен ташылып келген коондор кайра жөнөтүүчүгө кайтарылды.

Количество просмотров: 223