Милиция Абдыкерим Сыдыков атындагы айыл өкмөтүнүн жер боюнча адиси, 1977-жылы туулган М.М. аттуу жаранды Васильевка айылында айыл чарба жерлерин мыйзамсыз сатуу фактысы боюнча шектелип жатат деп кармады. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББнын басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин, 5-августта Аламүдүн районунун Васильевка айылында Абдыкерим Сыдыков атындагы айыл өкмөтүнүн айыл чарба багытындагы жерлеринде (569 штрих) мыйзамсыз курулган фундаменттер жана курулуштар сүрдүрүлө баштаган.
Ошол жерге жергиликтүү тургундар, курулуштардын ээлери чогулуп, алардын бир бөлүгү сүрдүрүүгө тоскоолдук кылууга аракет кылган.
6-августта Аламүдүн райондук администрациясы Аламүдүн РИИБге жер тилкелерин басып алуу жана мыйзамсыз курулуш фактысын текшерүү өтүнүчү менен кайрылган.
№578, 569, 569, 580, 580 контурларынын чегинде текшерүү жүргүзгөн ведомстволор аралык комиссия түзүлгөн.
«Жыйынтыгында айыл чарба багытындагы жерлерде – айдоо аянттарында жана жайыттарда турак жайлардын өз алдынча курулушунун, фундаменттердин курулушунун жана бүткөрүлбөгөн курулуштардын көптөгөн фактылары аныкталды», — деп белгилешти милициядан.
Текшерүүнүн жыйынтыгында 6-августта жергиликтүү бийликтин учурдагы жана мурдагы өкүлдөрү кармалган. Абдыкерим Сыдыков атындагы айыл өкмөтүнүн кармалган жер боюнча адиси убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери уланууда.