• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Айыл чарба министрлиги өрүктүн баасы боюнча түшүндүрмө берди

24 Теке 2022 12:53 Бишкек Govori.TV

Айыл чарба министрлиги өрүктүн баасынын төмөндөшүнө байланыштуу түшүндүрмө берди.

Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, буга чейин Борбор Азияда Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан элди өрүк менен камсыздап келген. Бүгүнкү күндө Ысык-Көл облусунда өрүктүн баасы арзан болуп жатышынын бир нече себеби бар.

Акыркы жылдары Казакстанда да өрүк бактары отургузула баштады. Быйыл Борбор Азиядан сырткары Орусия жана Арменияда дагы өрүктүн түшүмү мол болгондуктан баа төмөндөп кетти.

Министрлик баанын төмөндөшүнө чөлкөмдө кумшекердин кымбаттап кеткени да себеп болду деп эсептейт. Өрүк негизинен консервация даярдоо жана өндүрүү үчүн колдонулат.

Ошондой эле кыргыз-казак чек арасынан товарлардын жай өтүшү да баага таасирин тийгизип жатат.

Количество просмотров: 1160