• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Айыл чарбасын каржылоо боюнча “Айыл банкка” 1,8 млрд сом бөлүндү

8 Чын куран 2022 13:27 Бишкек Govori.TV

“Айыл чарбасын каржылоо – 10” долбоору боюнча “Айыл банкка” 1,8 млрд сом бөлүндү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында “Айыл банк” ААКтын анализ жана аймактык координациялоо бөлүмүнүн башчысы Нарынбек Токтогулов билдирди.

Анын айтымында, жалпы сумманын 50%ы, башкача айтканда 900 млн сому мал чарбачылыгына, 25%дан кем эмес бөлүгү – өсүмдүк өстүрүүчүлүккө, 25% бөлүгү айыл чарба продукциясын кайра иштетүү тармагына берүү каралган.

“Бүгүнкү күндө мал чарбачылыгына 628,2 млн сом, өсүмдүк өстүрүүчулүккө 260,6 млн сом, кайра иштетүү тармагына 52,7 млн сом берилди”, — деди Токтогулов.

Мындан тышкары, жетекчи Госматрезерв тарабынан товардык кредиттин негизинде 5750 тонна айыл чарба үрөндөрү берилгенин кошумчалады. Бардык үрөн өлкөнүн аймактарына жөнөтүлдү. Калгандары бүгүнкү күндө 1 миң 756 тонна үрөн.

Количество просмотров: 91