Айыл өкмөтүнүн имаратынын ичине бекинип алган аялдар Пригородный айылынын тургундары эмес. Бул тууралуу аталган айылдын башчысы Бакыт Шеримбеков билдирди.
Анын айтымында, имаратты басып алуу үчүн аялдар эртең мененки саат 5.00дөр чамасында келген.
«Саат беште имараттын ичине ондой аял кирип келген. Азыр кароолчу түшүнүк кат жазып жатат. Аялдардын колунда бензин куюлган бөтөлкөлөр болгон, ошондой эле газ баллондорду дагы ала келишиптир. Алар кредиттерди жоюп салууну талап кылууда. Ичиндегилердин баары биздин айылдын тургундары эмес», — деди айыл өкмөт башчысы.
Эске салсак, бүгүн, 15-апрелде Чүйдүн Пригородный айылында аялдардын тобу айыл өкмөтүн басып алып, талаптарын коюшууда. Окуя болгон жерге Чүй облусунун жана Аламүдүн милициясынын жетекчилиги барып, жергиликтүү бийлик менен аялдарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүгөнү менен майнап чыга элек.