• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Айжан Чыныбаева «Билим берүүдөгү лидер аял» сыйлыгын алды

17 Баш оона 2023 14:58 Бишкек Govori.TV

«Эко Деми» фондунун башчысы Айжан Чыныбаева Эл аралык кесипкөй билим берүү жана окутуу ассоциациясынын «Билим берүүдөгү лидер аял» сыйлыгын алды. Бул тууралуу ал “Фейсбуктагы” баракчасында жазды.

Аталган сыйлык Чыныбаевага ыйгарылганы тууралуу жаңылык быйыл 6-7-мартта Ирландиянын Дублин шаарында өткөн «Futureland. Next Generation Education» эл аралык конференциясында белгилүү болгон.

Эл аралык ассоциациясы тапшырылган сыйлык боюнча «Айжан Чыныбаева билим берүүдөгү аял лидер деп табылып, эл аралык деңгээлде билим берүү жана сапат маданиятына кошкон зор салымын белгилөө менен «Women Leaders in Educational Excellence» сыйлыгы ыйгарылды» деп белгилеген.

Количество просмотров: 96