• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Айжигитов кыргыз-тажик чек ара келишимине каршы чыгып, өз сунуштарын берди

5 Жалган куран 202511:10 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 5-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Султанбай Айжигитов кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишим боюнча көз карашын айтып, кайрылуу жасады.

Ал чек ара келишиминдеги айрым учурларга токтолуп, туура эмес болуп калганын айтып өз сунуштарын берди.

Өз сөзүндө Айжигитов чек ара келишими боюнча Достук айылын Кыргызстанга калтырыш керектигин билдирди.

Депутат жерди алмаштырууда анын аянтына эле эмес, стратегиялык маанисине көңүл бурулушу керектигин кошумчалады.

Количество просмотров: 817