• Бейшемби 16 Бугу 2024
  • Четверг 16 Май 2024

Ак-Буура дарыясындагы суу тазаланды. Ош шаарына таза суу бериле баштады

14 Баш оона 2018 15:26 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 14.08.2018. Govori.TV
Бүгүн, 14-августта  түнкү саат 3 тө Ак-Буура дарыясындагы суунун ылай калдыгы нормага дал келип, Плотна суу алуучу жайы ачылды. Бул тууралуу Ош шаардык суу чарба ишканасы маалымдады.
“Озгур суу тазалоочу станциясында “Ичүүчү суунун коопсуздугу” боюнча техникалык регламентке ылайык бир топ татаал өндүрүштүк процесстер (тундуруу, чыпкалоо, хлорлоо жана залалсыздандыруу) иштери аткарылып, резервуарлар толтурулду жана шаарга саат 7:00 берилди. Шаардагы суу системалары жана суу түтүктөрү толгондон кийин басым жакшырып баардык суу токтогон аймактарга чыгат. Азырынча шаардын төмөнкү катмарына суу чыкты. Табият кырсыгынан (Папан айылындагы селдин кесепетинен) жаралган ынгайсыздык үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайбыз” – деген маалымат таратты Ош шаарындагы суу чарба ишканасы.
Эскерте кетсек 13-августта эрте мененки саат 5те Ош шаарына Папан айылына түшкөн селдин кесепетинен улам суу берүү убактылуу токтотулган болчу.
Количество просмотров: 29