• Дүйшөмбү 13 Теке 2026
  • Понедельник 13 Июль 2026

Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолу селден кийин бир тараптуу ачылды

13 Теке 202610:19 Бишкек Govori.TV

Күн мурун Түндүк – Түштүк альтернативдүү унаа жолунун 232-чакырымында сел жүрүп, жол эки тараптуу жабылган.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, жерине министрликтин атайын техникалары ыкчам тартылып, унаа жолу бир тараптуу ачылды.

«Учурда жолду тазалоо жана каттамды калыбына келтирүү иштери уланууда. Кошумча маалымат берилет», — деп айтылат маалыматта.

Транспорт министрлиги айдоочуларды жолдо этият болууга жана жол эрежелерин так аткарууга чакырат.

Количество просмотров: 48