• Дүйшөмбү 13 Теке 2026
  • Понедельник 13 Июль 2026

Ат-Башыда сел балчынын 80 бал челегин агызып кетти

13 Теке 202610:58 Бишкек Govori.TV

12-июль күнү кечки саат 20.30дар чамасында кыска мөөнөттө нөшөрлөп жааган жаандан улам кокту-колоттон түшкөн суулар Баш-Кайыңды жана Ача-Кайыңды айылдарынын ортосундагы сайдан ашып, сел жүргөн.

Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, анын кесепетинен балчылык менен алектенген жеке ишкер жабыр тартып, анын 80 бал челегин жана унаасын агызып кеткен. Унаанын ичиндеги бала куткаруучулардын жардамы менен аман-эсен куткарылган.

«Учурда абал туруктуу, селден улам жабылган Ат-Башы-Өзгөрүш жолу ачылып, каттам бар. Азыркы мезгилде тиешелүү кызматтар тарабынан жеринде селдин кесепеттерин жоюу, келтирилген чыгымдарын жана суу каптаган айдоо аянттарды, сарайларды тактоо иштери жүрүүдө. Кыян суу адам өмүрүнө зыян алып келген жок», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 44