Талас облусундагы Ак-Дөбө — Кызыл-Чарба унаа жолуна асфальт төшөлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, аталган унаа жолдун 2 чакырым аралыгына асфальт төшөө иштери жүрүп жатат.
Бүгүнкү күнгө карата туурасы 6 м жана узундугу 520 метр асфальт төшөлүп бүттү. Аталган жумуштар №47 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылууда.