• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

«Ак илбирс» эко-спектаклинин бет ачары өттү

8 Чын куран 2024 9:21 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрында «Ак илбирс» эко-спектаклинин бет ачары өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Спектакль белгилүү жазуучу жана драматург Жаныш Кулмамбетовдун чыгармасынын негизинде Жамал Сейдакматова атындагы «Тунгуч» жаштар драма театры тарабынан даярдалган.

“Ак илбирс” спектаклинде экология, айлана-чөйрөнү сыйлоо жана адам баласынын ырайымсыздыгы, адамзаттын жок болуп бараткан жаныбарларды жок кылып жаткандыгы көтөрүлөт.

Режиссёру — Гаухар Ажигулова.

Белгилей кетсек, спектакль 16-17-19-апрель күндөрү “Сейтек” балдар борборунда уланат

Спектакль 16-17-19-апрель күндөрү “Сейтек” балдар борборунда уланат

Количество просмотров: 40