• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кеминде айылга кирип келген ак илбирс коопсуз жерге чыгарылды

30 Бештин айы 202515:21 Бишкек Govori.TV

Кемин районунун Боролдой айылында Кызыл китепке кирген сейрек кездешүүчү жырткыч — ак илбирс байкалган.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, окуя 29-декабрда кечки саат 23:20 чамасында катталган.

Алынган маалыматка ылайык, ак илбирс айыл аймагына кирип, бакка чыгып кеткен.

Окуя болгон жерге министрликтин Чүй регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери барып, жаныбарды коопсуз шартта бактан түшүрүшкөн.

Ак илбирс — Кыргызстан үчүн өзгөчө мааниге ээ символдук жаныбар болуп саналат жана анын ар бир катталышы биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо багытында маанилүү окуя болуп эсептелет.

Количество просмотров: 176