• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

«Ак илбирсти улуттук символ деп таануу жөнүндө” Жарлыкка кол коюлду

30 Бештин айы 2023 16:27 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров “Ак илбирсти Кыргыз Республикасынын улуттук символу деп таануу жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

Ак илбирс Эл аралык жаратылышты коргоо союзунун Кызыл китебине киргизилген жана дүйнөнүн 12 өлкөсүндө сейрек же жоголуп бараткан жаныбар статусуна ээ.

Ак илбирс жаратылыш байлыгынын, маданий байгерликтин гана символу болбостон, глобалдуу аймактын 1/3 ээлеген тоо экосистемасынын туруктуулугунун жана саламаттыгынын да индикатору болуп саналат. Жаратылышта ак илбирстерди жоготуу аяр экологиялык балансты бузуу тобокелдигине алып келет, бул жаныбарлардын ар кандай түрүнө да, адамга да кыйраткыч таасирин тийгизет.

Байыркы кыргыз элинин маданиятында ак илбирс айбаттуулуктун, айкөлдүктүн, эр жүрөктүүлүктүн, кайраттуулуктун жана чыдамкайлыктын көрүнүшү болгон. Ошондуктан уламыштарда айтылгандай, илбирс улуу Манастын тотемдик жаныбары болгон. Ак илбирс, адам менен жаратылыштын биримдиги биздин дүйнөгө белгилүү залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун “Тоолор кулаганда” аттуу акыркы романында айкын сүрөттөлгөн.

Кыргызстан жапайы жаратылышты коргоо боюнча глобалдык программалардын активдүү катышуучусу болуп саналат. Ак илбирсти коргоо боюнча дүйнөлүк форумда ак илбирс жашаган 12 өлкөнүн өкүлдөрүнүн жана айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү эл аралык экологиялык коомчулуктун колдоосу менен Ак илбирсти коргоо боюнча Бишкек декларациясы бир добуштан кабыл алынган жана Ак илбирсти жана анын экосистемаларын сактоо боюнча комплекстүү глобалдык программасы (The Global Snow Leopard and Ecosystem Protection – GSLEP) жактырылган.

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасында ак илбирсти жана анын экосистемасын сактоо боюнча демилгелерди андан ары мамлекеттик колдоо, ошондой эле ак илбирсти Кыргыз Республикасынын улуттук символу деп таануу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелери жетекчиликке алынып, токтом кылынат:

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:


– Кыргыз Республикасында ак илбирстин улуттук символ деген статусун таануу боюнча зарыл чараларды көрсүн;

– республикада ак илбирстин санын, ошондой эле анын экосистемасын коргоо боюнча чараларды көрсүн;

– улуттук символду жайылтуу боюнча чараларды көрсүн, логотипти, колдонуу варианттарын иштеп чыксын, улуттук жана эл аралык деңгээлде символду колдонуунун багыттарын аныктасын;

– улуттук символдун идеологиялык мазмунун аныктасын.

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестицияларды тартуу боюнча улуттук агенттик эл аралык кызматташтыктын, эл аралык аянтта инвестицияларды тартуунун алкагында ак илбирстин улуттук символун жайылтуу, анын санын жана экосистемасын коргоо боюнча иш-чараларды уюштуруу, ошондой эле туристтик сегментте улуттук символду колдонуу максатында улуттук жана эл аралык деңгээлде өз ара аракеттенүүнү камсыз кылсын.

Количество просмотров: 208