• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Ак үйдү акмалаган министрлер…

21 Бештин айы 2018 12:42 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 21.12.2018. Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаттары дайыма эле өкмөт мүчөлөрүнө нааразы. Анткени алар өздөрүнө артылган милдеттерди так аткара албай келет деп сындашып, айрым эл өкүлдөрү министрлердин эң башкы иши Жогорку Кеңешке отчет берүү деп эсептешет.


Мындай көрүнүш президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр болуп турган кезде болгон. Ата-Мекен партиясынын камактагы депутаты Өмүрбек Текебаев, өкмөт башчынын эң негизги жумушу Жогорку Кеңеште экенин эскертип, министр менен депутаттын ортосунда кайым-айтышып кеткени бар.


Жогорку Кеңеште бюджет маселеси каралса, ар бир министрликтен келгенге аргасыз болушат.
Эгерде министрлер парламенке каттап эле жүрө берсе өзү башкарган мекемедеги жумушту жасаганга убакыт калабы деген суроо жаралат. Бул тууралуу кезинде каржы министрлигин аркалаган депутат Акылбек Жапаров, керек болсо министрлер 24 саат бою иштеши керек дейт.

Мындай талапты Ички иштер министрлиги кабагым-кашым дебей аткарып келет. Ал эле эмес зарыл учурда күнү-түнү иштөөгө даяр экенин айткан менен иш жүзүндө аткарылбай жаткан жумуштардын арбын экени жашыруун деле эмес.

Количество просмотров: 26