• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Хиджап кийип алган министр Жээнбаева кыргызстандыктардын оозун ачырды

17 Бештин айы 2019 9:45 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Сауд Арабиясы Королдугуна расмий визитинин алкагында, 16-декабрда, Эр-Рияд шаарында бир катар документтерге кол коюлду.

Президент менен чогу кеткен Кыргызстандын Каржы министри Бактыгуль Жээнбаеванын хиджап кийип алганы коомчулуктун талкуусуна алынды.

Ал эми бул туурасында сөз кылган коомдук ишмер Феликс Кулов башка бирөөнүн баалуулуктарын урматтаган жакшы экенин айтып, бирок ошол эле учурда өзүнүн баалуулуктарын да көз жаздымда калтырбоо керек деген пикирин айтты.

«Хиджабдын ордуна биздин кыргыз улуттук кийимин, элечекти кийип алса эч ким каршы пикир айтмак эмес. Тескерисинче баардык араб жана ислам дүйнөсүнө кыргыз улуттук кийими ыйык жазуу менен шайкештик жаратып турганын көргөзмөк»,-деп жазган ал.

Ошол эле учурда Германиянын министрлеринин бири Урсула фон дер Ляйен хиджаб кийүүдөн баш тартып, кесиптеши Мухаммад ибн Салман Аль Сауд менен жолугушууга шым кийип, кадимки чач жасалгасы менен барды.

Количество просмотров: 1791