• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жапаров: Министрлер 24 саат иштеши керек

20 Бештин айы 2018 12:57 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 20.12.2018. Govori.TV


Акыркы учурда бардык өкмөт бутактарындагы министлерди иш ордунан эмес эле “Ак үйдөн” таба турган болуп калды. Анткени отчет берүү үчүн келген министрлер эң аз дегенде бир жумада үч жолу келүүгө мажбур болушат.

Албетте маанилүү маселе боюнча суроо талап коюлса аткаминерлер отчет берүүгө милдеттүү. Анткен менен зарылчылдыгына карабай бир эле министр 5 күн бою Жогорку Кеңештин чакыруусу менен жүрө берсе калган жумуш качан жасалат деген суроо жаралат…

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров, министрлер керек болсо 24 саат иштеши керектигин, айрым учурда министр депутаттарды өзү издеп түшүнбөй калган маселеси тууралуу маалымат берип туруу керектигин айтты.

“Министр өзү 24 саат бою иштеши керек. Өзүнүн убактысын туура пайдалуусу зарыл. Мен парламентте жүрүп эле башка жумуштарган үлгүрбөй жатам деген министрди, министр деп атоого болбойт. Тескерисинче Жогорку Кеңешке өзүнүн керектүү мыйзамдарын коргоо үчүн сүйүнүп келиши керек. Эгерде мыйзам кереги жок болсо өзүнүн жумушун кылып эле жүрө берсин. Алар өздөрүнүн жумушун так аткаралбай мыйзамды өзгөртсөк эле биз жыргап кетет элек деп, премьер-министрге мен парламентте жүрөм. Өзүнүн министрлигине дагы парламентте жүрөм деп коюп, өзү бул жакта болбогон учурлар кездешет”,-деди Жапаров.

Анын айтымында өзү министр болуп турган кезде Парламентке байма-бай каттап турчу.

“Мен өзүм 5жыл министр болдум. Парламентке болобу же комитеткеби бардыгына бүт ирээти менен келип турчумун”,-деп кошумчалады Жапаров.

Количество просмотров: 27