• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Ак үйдүн алдына нааразычылык акциясына чыккандар Жанар Акаевдин чыгуусун талап кылышты

31 Тогуздун айы 201915:17 Бишкек Govori.TV

Сокулук районунун Военно-Антоновка айылынан жер сатып алып, жер тилкелерин мыйзамдаштыра албай жүргөн жарандар Ак үйдүн алдына нааразычылык акциясына чыгышты.

Чогулгандар 2012-жылы Сокулук районунун Военно-Антоновка айылынан жер сатып алып, бирок айыл өкмөтү сатылган жер айыл чарба багытында экенин негиз кылып, турак жай салууга уруксат бербей жатканын айтышты.

Биз 2012-жылы Сокулук районуна караштуу Военно-Антоновка айылынан төрт сотых жерди «кызыл китеби» менен сатып алганбыз. Ошондон бери бизге үй салууга уруксаат бербей келет. Биз эки жылдан бери ушул маселе менен чырылдап, чуркап келебиз. Мыйзамдуу алдык эле мыйзам менен чечилеби десек эч ким көңүл бурбай жатат,-деди Наапа Райымжанова.

Нааразы болгон жашоочулар депутаттардын сыртка чыгып, алардын көйгөйүн угуусун талап кылышты.

Количество просмотров: 122